Жаңылыктар
Кыргызстанда паспорт алуу кыйла жеңилдеди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда паспорт алуу кыйла жеңилдеди

Кыргызстанда паспорт алуу кыйла жеңилдеди. Учурда өлкөнүн бардык аймактарында калкты тейлөөчү мобилдик борборлор иштеп жатат. 

Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери кайрылган адамдын дарегине чейин барып, паспортко тиешелүү документтерди тез арада каттап, жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүдө. 


Бул кичи автобустун ичи кадимки кеңседей, документтерди толтуруу же алуу үчүн бардык шарт түзүлгөн. Үстөл, отургуч, кассалык аппарат, ксерокөчүрмөдөн тартып принтерге чейин бар.

Мындай кичи автобустар өлкөнүн бардык аймактарына каттап жатат. Азыр жалпы 16 мобилдик топ элге кызмат көрсөтүүдө. Бул кызматтын артыкчылыгы - мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар акысыз тейленет. Жеринен каттоо кызматын пайдалангысы келген адам 1 миң 600 сом төлөшү кажет.