Жаңылыктар
Өлкөгө эмгеги сиңген дарыгер Жуман Акималиев 80 жашта
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөгө эмгеги сиңген дарыгер Жуман Акималиев 80 жашта

Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүүгө, айлана-чөйрөнү коргоого чоң салым кошуп, калктын саламаттыгына өмүр бою кам көргөн инсандар бар . КАН: Өлкөгө эмгеги сиңген дарыгер, мамлекеттик ишмер Жуман Акималиев 20-октябрда 80 жылдык мааракесин белгилөө алдында турат.

Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, мамлекеттик саясий ишмер Жуман Акималиев 80 жашта. Каарманыбыз азыр да калк саламаттыгын чыңдоонун үстүндө иштеп, Бишкек шаардык ден соолукту коргоо борборунун жетекчисинин орун басары болуп эмгектенип келет. Таң эрте жумушка келген Акималиев кесиптештеринен кечээки күндүн отчетун алып, жаңы тапшырмаларды берет.
Өмүрүнүн 60 жылга жакын мезгилин эл камкордугуна арнаган Акималиев иш жолу жөнөкөй дарыгерликтен башталып, райондук, облустук саламаттык сактоо тармактарында, облус, шаарды жетектеген. Ар бир кызматты аркалаган маалда ошол мекеменин, аймактын өнүгүүсү, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча опол тоодой иштерди жасаган. 

Дарыгер, мамлекеттик ишмер Жуман Акималиев азыр да ден соолукту биринчи орунга коет. Кыймыл жана туура тамактануу узак жашоонун сыры - деген каарманыбыз, күн сайын дене-көнүгүүлөрүн жасап, 2 сааттан кем эмес жөө басууну адат кылып алган.
Жуман Акималиев мамлекетке, элге жасаган эмгеги менен бирге бир туугандары, үй-бүлөсү менен сыймыктанат. Жубайы Сыйнап апа экөө 5 баланы тарбиялап чоңойтушту. Азыр 13 небере, 3 чеберенин сүйүктүү чоң ата, чоң энеси болуп төрдө, дайыма сый үстүндө.
Интершум
Медициналык китептер, атамекендик жана дүйнөлүк жазуучулардын чыгармаларын текчеге толтурган Жуман Акималиевдин келечекке пландары чоң.
Дарыгер, мамлекеттик ишмер, ошол эле маалда чыгармачылыкка жакын Жуман Акималиев 80 жаш мааракесин 20-октябрда белгилейт.