Быйыл кыш суук болуп, кар көп түшөт. Ал эми февраль эң суук айлардын бири болот. Бул тууралуу "The Farmers' Almanac" басылмасы билдирди.
Ал планеталардын жайгашканына, айдын циклына, күндүн бетиндеги тактарга жана бүгүнкү күнгө чейин сыр катары сактап келе жаткан формуласын колдонуу менен аба ырайы божомолун аныктайт.
Адистер анын божомолу 80 пайызга туура чыгарын айтышат. Ал эми Британиялык ЖМКлар европалык белгилүү метеоролог Жеймс Мэддин сөзүнө таянып, быйылкы кыш 100 жыл аралыгындагы эң суук мезгил болорун жарыялап жатышат.
Анын айтымында, Европа, Түндүк Америка жана Азия мамлекеттерин суук жана узакка созулган кыш күтүп жатат. Ноябрдан баштап суук түшсө, декабрда катуу суук башталат.