POST1RIGHT
ЖЭБге туташкан бардык мектептер кышка толугу менен даяр. Ал эми көмүр менен жылый турган билим берүү мекемелеринин 50 пайызы көмүр менен камсыз болду. Жалпысынан шаарга 80 миң тонна керектелсе, учурда 40 миң тонна кара алтын киргизилди. Мында сырткары ооруканалардын 80 пайызы күз-кыш жылытуу мезгилине даяр экенин адистер билдирүүдө.
Шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, билим берүү мекемелери кышка даярдыкты өз убагында баштаган. Алсак, Эки миң окуучу билим алган Бишкектеги №27 мектеп жаз айынын соңунан бери кышка камынып келет. Терезелер алмаштырылып, класстагы жылытуучу түтүктөр жаңыланган.
Мындан сырткары шаардагы ооруканалардын 80 пайызы кышка даяр. Жалпысынан 200 имарат от жагууга камдалды.
Өткөн жылы шаардыктар тарабынан бекер таратылган көмүрдүн сапатына нааразычылыктар көп болгондон улам, шаардык социалдык башкармалыгы быйыл көмүрдүн ордуна акча төлөп бермей болду.
Күз-кыш мезгилине карата орто билим берүү мекемелери, мунун ичинде бала бакчаларда да жылытуу системалары менен жарык берүүчү каражаттар толугу менен жаңыланды.