Жаңылыктар
Маданият кызматкерлеринин маянасы көтөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Маданият кызматкерлеринин маянасы көтөрүлдү

Бир катар маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин айлык акысынын өлчөмү 80%га көтөрүлдү. Тиешелүү токтомго Премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Белгилеп коючу жагы маданият кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу маселесинин чечилишине маданият, маалымат жана туризм министри маркум Султан Жумагуловдун да салымы чоң.

Мындай чечим маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынды. Ошондо маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин айлык акысынын өлчөмү 80%га көтөрүлдү.

Токтомго ылайык Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, Улуттук тарых музейинин, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин, "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин, Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга көбөйтүлөт. Муну менен катар Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын - Муратаалы Күрөңкеев атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, Чуйков атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстеринин жана иллюстраторлорунун кызматтык маяналарынын өлчөмү 80 пайызга көбөйтүлдү.

Бул жагымдуу жаңылыкты уккан Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жамаатынын кубанычында чек жок. Бул окуу жайынын да профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстерлеринин айлык акысы жогорулайт. Алардын катарында окуу жайда 48 жылдан ашык эмгектенген Тамара Казакбаева бар. Эл агартуунун отличниги эки ставка иштеп, азыр 9 миңге жакын айлык алат.

Маданият кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү маселесинин чечилишине маданият, маалымат жана туризм министри маркум Султан Жумагуловдун да салымы чоң экенин белгилей кетүү керек. Ошондо “Улуттук” деген макамга ээ маданият мекемелеринин кызматкерлеринин айлык акысы жогорулады.

 Чындыгында Өкмөт маданият, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагындагы кызматкерлердин маянасын жогорулатуу багытында жакшы иштерди баштады дейт эксперттер. Октябрь айынан тартып үй-бүлөлүк медициналык борборго кирген дарыгерлер менен медайымдардын маянасы жогоруласа, эми маданият кызматкерлеринин эмгек акысы көбөйтүлдү.