Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов менен коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өттү. Белгилүү журналист жана маданият кызматкерин акыркы сапарга узатуу үчүн анын туугандары, жакын санаалаштары жана саясатчылар келди.
Султан Жумагулов 1959-жылы 1-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунундагы Өзгөрүш айылында туулган. Ал Би-Би-Си, Азаттык радиолорунда жана КТРК, ЭЛТР телеканалдарында жетекчилик кызматтарды аркалаган. 2017-жылы маданият, маалымат жана туризм министри кызматына дайындалган. Ал 8-октябрда узакка созулган оруудан улам каза болду. Султан Жумагуловдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.