Бирок эл арасында көмүр сатып алууга шашылгандар байкалбайт. Жалпы өлкө боюнча дээрлик 2 жарым миллион тоннага жакын көмүр керектелет. Анын 10 пайызы бюджеттик мекемелерге мамлекеттин эсебинен камсыз кылынат.
Кыш мезгили жакындап келе жатканына карабай көмүр сатып алууга шашылгандар көп эмес. Атайын жайлардагы соодалашууну сейрек гана көрүүгө болот. Көмүрдүн наркы былтыркы жылга салыштырмалуу арзаныраак. Бул көмүр кампаларындагы баа. Ал эми соодагерлер андан сатып алып, кардарларына жеткирүүдө нарк дагы жогорулайт. Жалпы өлкө боюнча көмүр сатуучу 630 ири жай иштеп жатат.
Жылуулук мекемелери калктын калың катмары кыштын жакындап келатканына маани бербегенин эске алып, көмүр сатып алуу үчүн кезек күткөндөр аба ырайы кескин өзгөргөн шартта гана көбөйөт деп болжолдоодо. Быйыл жалпы өлкө боюнча 2 миллион 300 миң тоннадан ашуун көмүр керектелет. Анын 10 пайызы бюджеттик мекемелерге мамлекеттин эсебинен жумшалат. Ал эми Бишкек жылуулук электр борборуна 1 миллион тонна көмүр керек. Анын 25 пайызы ташып келинди.