Узакка созулган оорудан көз жумган Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жакындарына каалоочулар көңүл айтып, эскерүү кол жазмасын калтырса болот. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин биринчи кабатынын фойесинде эскерүү китепчеси кол жазмаларды 9-октябрдын кечки саат 18:00гө чейин кабыл алат. Талантуу журналист, котормочу, мыкты редактор, медиа эксперт жана мамлекеттик ишмердин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу эл аралык уюмдар, элчиликтер, коңшу өлкөлөрдөгү кесиптештери көңүл айтууда. Султан Жумагулов 8-октябрда онкологиялык оорудан улам көз жумду. Аны менен коштошуу зыйнаты 10-октябрда саат 10:00до Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот. Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.
“Бизге чалгандар көп болгондуктан ушул эскерүү китебин ачтык, китепти туугандарына беребиз. Агай маданият министрлигинде көп реформаларды баштады эле, жакындарына көңүл айтабыз”,- деди Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбековна.