Жаңылыктар
Өз учурунда декларация тапшырбагандардын аты аталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Өз учурунда декларация тапшырбагандардын аты аталууда

Бирдиктүү салык декларациясын өз учурунда тапшырбагандардын тизмесинде жогорку саясий жана башкы администрациялык кызматтарды ээлегендердин аты аталууда. Алардын катарында президенттин жана өкмөттүн аппараты, Жогорку Кеңеш, Жогорку сот, Башкы прокуратура жана акыйкатчы  аппаратынын кызматкерлери бар. Салык кызматынын маалыматы боюнча, өз учурунда тиешелүү документтерди толтурбагандарга 2 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынып, туура эмес материалдар прокуратура органдарына өткөрүлүп, укуктук баа берилет.

Бардык мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси жана чыгымдары тууралуу декларацияларын кылдат текшерүү зарыл экенин мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков да парламент жыйынында айтканын эске салсак.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"