Бишкектин жолдорунда биринчи жолу жөө адамдар үчүн эскертүүчү жазуулар пайда болду. «Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинин кызматкерлери тротуарларга «Баланы бек кармаңыз!», «Кулакчынды чечиңиз!»,«Телефонго алаксыбаңыз!», «Өткөөлдүн коопсуздугуна ынаныңыз!» деген жазууларды жаза башташты.
Эскертүүлөр Чүй көчөсү менен Гоголь, Шопоков, Эркиндик, Исанов, Турусбеков, Жаш Гвардия көчөлөрү кесилишкен жерлерге жазылды.
Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"