Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган III “Чыңгыз Айтматов жана учур чакырыктары” аттуу эл аралык Ысык-Көл форуму Чолпон-Ата шаарында жыйынтыкталды. Форумга 25 өлкөдөн көрүнүктүү жазуучу, культуролог, саясатчы, илим изилдөөчү жана искусство ишмерлери катышты.
III эл аралык Ысык-Көл форумунун катышуучулары, бүткүл дүйнөдөгү мамлекет башчылары, лидерлер жана маданият ишмерлерине багытталган кайрылуу кабыл алды. Эл аралык коомчулуктун биргелешкен кайрылуусундагы өзөк маани: дүйнөлүк соода жана саясий алакада: экономикалык эгоизм, санкциялар, саясий каршылаш-тирешүүлөр күчөгөн кезде, мамлекет аралык конфликти диалог-кепке келүү менен чечүүгө үндөгөн. Бул Чыңгыз Айтматов уюштурган легендарлуу “Ысык-Көл” эл аралык форуму дүйнөгө тараткан жалпы адамзаттык гумандуулук идеясы экени айтылат кайрылууда.
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Зинакан Кайыпова, "Биринчи Радио"