Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында курула турган "Чыңгыз Ордо" маданий комплексинин пайдубалына капсула салуу иш-чарасына катышты. Анда Дастанбек Жумабеков Чыңгыз Айтматов - Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан залкар калемгер экенин белгиледи.
Эске салсак, Өкмөттүн токтому менен "Чыңгыз Ордо" маданий комплексин курууга Шекер айылынан 15 гектар жер бөлүнүп берилген. Андан тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен жазуучунун өз айылындагы үй-музейи оңдолгон.
"Капсула салуу иш-чарасына катышуу баарыбыз үчүн сыймык. Анткени, Чынгыз Айтматов адабиятыбыздын алпы, кыргыз элинин залкар инсаны. Улуу "Манас" эпосунун жана асыл калемгердин арты менен өлкөбүз дүйнөгө таанылган. Анын китептери дүйнөнүн 170тен ашуун тилине которулуп, көпчүлүк кызыгып окуган. Биз мындан ары да Чыӊгыз Айтматовдун адабий мурастарын жайылтууну улантышыбыз керек", - деди Дастанбек Жумабеков.