"Ысык-Көл" шеринесинин расмий ачылыш бөлүгүнөн соң отурум "Чыңгыз Айтматов жана азыркы замандын чакырыктары" - деген аталышта уланды. Форумдун алгачкы күнү залкар жазуучу жакындан билген адамдар Чыңгыз Айтматовдун жашоону алдын ала көрө билген көсөмдүгүнө, окурмандын жүрөгүнө жеткире жазган чыгармаларына жана адамдык сапатына токтолушту. Эскерте кетсек, Кыргызстанда үчүнчү ирет уюшулуп жаткан шеринеге кыргызстандык илимпоздор менен бирге 100дөн ашуун өлкөдөн келген өкүлдөр катышууда.
Дүйнөгө атагы бар Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу кыргыз элинин жашоосун, жаратылышын, кулк-мүнөзүн тааныган ойчулдар, таасирдүү адамдар Кыргызстанда өтүп жаткан кезектеги шеринеге чогулган. Ар бири азыркы ааламдашуу доорунда орун алган маселелер тууралуу жазуучунун жазгандарын кошуп, ой-толгоолорун ортого салышат. Анткени Айтматов адамзатка жараткан коркунучтарды чыгармасы аркылуу тилине, динине карабай көп улутка жеткире алган.
Шеринеге келгендердин катарында Чыңгыз Айтматов менен сырдаш, курбу-дос жана жакын адамдар бар. Мисалы Мухтар Шаханов улуу жазуучу менен үзөңгүлөш жүрүп, чогуу бир нече чыгарма жазган. Казак жазуучусу эмгектеринин баалуулугу ат көтөргүс деп эсептейт.
Ал эми алгачкы форумду Чыңгыз Айтматов менен чогуу уюштуруп, жазуучунун жанында жүргөн Рустем Хаиров ортодогу 32 жыл аралыктан кийин кайрадан шеринеге келип отурат. Ал ойчул Айтматовдун мурасы унутта калбай уланып келе жатканына ыраазычылыгын билдирди.
Чыңгыз Айтматовго дүйнөлүк кадыр-барк алып келгени, анын новаторлук калеминен жаралып, ошондогу коомдук жана саясий жагдайдан ырай-ыргагы бир кыйла өзгөчөлөнүп турган 60-70-жылдарда жазылган «Бетме-бет», «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Жаныбарым Гулсары», «Ак кеме», «Эрте келген турналар» аттуу повесттери болду. Кийинки мезгилде жазуучу роман жанрынын үстүндө ийгиликтүү эмгектенип, «Кылым карыткан бир күн», «Кыямат» жана «Кассандра тамгасы» аттуу чыгармаларды жарыялады. Анын чыгармачылыгына жалпылап айтканда коомдун орчундуу саясий, социалдык жана нравалык проблемаларынын курч коюлушу, интеллектуалдуулук, гумандуулук, башкача айтканда жалпы адамзаттык маселелердин философиялык өңүттө чечилиши, адам баласынын жан дүйнөсүн ичкериден психолгиялык талдоолордон өткөрүлүшү жана жалпылоосу мүнөздүү.
Айтматовдун калеминен жаралган каармандар Ала-Тоо койнундагы катардагы адамдар болгон. Ал бир адам аркылуу жалпы адамзатка таандык маселелерди көтөрө билген дейт калемдеш курбусу Мар Байжиев.
Отурумдун биринчи күнү көбүнесе көзү өтүп кеткен улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналды. Жазуучу адабият тарыхында таптакыр жаңы барак ачуу менен гана чектелбестен, аны мүмкүн болушунча бийик деңгээлге көтөрүп, «айтматовдук» -философиялык жана эстетикалык эриш-аркактуулуктун өзгөчө бир даражасына чейин жеткирип таштаганын шериненин катышуучулары баса белгилешти.
Шериненин башталышында маңыздуу кеп-сөздөр айтылды. Эми форумдун калган бөлүгү эки күн катары менен Ысык-Көл жээгинде өтүп, анда катышуучулар үч секцияга бөлүнүп баяндамаларды жасашат.