Башталбай жатып “Коопсуз шаар” долбоорунун айланасында дагы кемчиликтер чыкты. “Коопсуз шаар” боюнча арыз, даттанууларды караган көз карандысыз мекемелер аралык комиссия, бир ай мурда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендердик комиссиянын онлайн аукциондун жыйынтыгы менен “Вега” компаниясын жеңүүчү деп тапкан чечимин жокко чыгарды.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемировдун айтымында, арызды көз карандысыз комиссияга аукциондо экинчи орунга чыккан «Безопасность информационных систем» компаниясы берген. Компания өкүлдөрүнүн пикири боюнча, “Вега” компаниясы сынакты - тендерде бир катар кемчиликтер кеткенине карабай жеңип алган. Көз карандысыз мекемелер аралык комиссия даттанууну карап чыгып, арызды жарым жартылай туура деп таап, тендердик комиссиянын чечимин жокко чыгарган.