“Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөн ачык аукциондун жеңүүчүсү болгон “Вега” компаниясы долбоорду ишке ашырууда тажрыйбасы бар жана ар кандай сыноодон өткөн кубаттуу концерн. Бул тууралуу компаниянын коммерциялык директору Сергей Калмыков билдирди. Ал ишкананын ишмердүүлүгү жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууда колдоно турган система жөнүндө айтып берди.
Инновациялык технология багытына үч жыл мурда кадам таштаган кубаттуу компания жол эрежелерин сүрөт жана видеого түшүргөн жаңы системаны иштеп чыккан. Бул тутум тиешелүү сапат күбөлүктөргө ээ болгон. Өзгөчөлүктөрү унаанын үлгүсүн, ылдамдыкты, номурун жана жол эрежесин бузганын тааныйт. Системаны компания Орусиянын бир катар шаарларында жана облустарында жүзөгө ашырып, ийгиликтүү иштеп жатат.
Компаниянын долборду ишке ашыруудагы ишине күмөн ойлор болсо буйрутма берген тарап системаны ишке киргизүүдөн мурда толук текшерүүдөн өткөрсө болот. Бул жагдайдын баары келишимде жазылган. Болгону жол эрежесин бузганы боюнча айдоочуларга айып төлөө боюнча кагаз билдирүүлөрдү жарандарга жеткирүү жагы мыйзам чегинде жолго салынса система тез арада эле натыйжа берет-дейт Калмыков.