Жаңылыктар
Айтматовдун санаалаштары Бишкекте
Кыргызстан жаңылыктары
Айтматовдун санаалаштары Бишкекте

VI эл аралык Ысык-Көл шеринесине дүйнө жүзүнөн 70тен ашык коомдук, маданий жана илимий ишмерлер келишти. Алар бүгүн Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барып, андан соң Ата-Бейиттеги жазуучунун күмбөзүнө гүл коюшту. 32 жыл мурда Айтматов баштаган иш-чараны быйыл Кыргызстан жогорку деңгээлде өткөрүүнү пландаган.


Үй-музейге жөнөкөй адамдар келген жок. Баары Айтматов ааламы менен тааныш, анын чыгармачылыгын баалаган дүйнөгө таасири бар инсандар. Ар бир делегат жазуучунун иш үстөлүнө отуруп, Айтматовдун дүйнөсүнө дагы бир кадам жакындашты.

Айтматовдун 90 жылдыгы Казакстанда да жогорку деңгээлде белгиленип жатат. Анын чыгармачылыгына арналган эл аралык форумдар өтүптүр. Айтмакчы, кошуна мамлекетте жазуучунун чыгармалары мектеп программасына киргизилген.

Күтүлүп жаткан эл аралык форумдун күн тартибинде тынчтык маселеси негизги тема катары коюлган. Кезектеги иш-чарада адамзат тагдырына байланыштуу, учурдун актуалдуу маселелери каралмакчы.