Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов мурас калтырган Эл аралык Ысык-Көл шеринеси бир нече жылдан кийин кайра айланып келип, кайрадан Кыргызстанда өткөнү турат.
Дүйнөлүк атагы бар кыргыз жазуучусу Айтматов демилге көтөргөн 1986-жылкы алгачкы форум Батыш менен Чыгыштын мамилеси муздап, кансыз согуш күч алып турган мезгилде, планетадагы таасирдүү адамдардын башын бириктирип, ар кыл маселелерди талкуулаган.
Бул жолку шеринеде дагы дүйнөдө болуп жаткан актуалдуу көйгөйлөр ортого салынып, аларды чечүү жолдору каралмакчы. Форумдун уюштуруучулары шерине кандай өңүттө өтөөрү тууралуу түшүндүрмө беришти.
“Ысык-Көл шеринеси” 4-октябрда башталып 7-октябрга чейин уланат. Эл аралык форумга 28 өлкөдөн 100дөн ашык коноктор келип катышмакчы. Быйыл улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине байланыштуу форум демилгечинин өзүнө арналат.