Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 7-октябрдан тарта күн бузулуп, жамгыр жаап, абанын температурасы кескин сууктайт. Ага чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Ал эми 7-октябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрөт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.