Бишкек мэриясы элүүдөн ашык жаңы автобус сатып алат. Бул максатта шаардык бюджеттен 382 млн. 577 миң сом бөлүндү. Мэриядан билдиргендей, коомдук транспортту алуу үчүн жакынкы күндөрү тендер жарыяланат. Газ менен жүрүүчү автобустун баасы орто эсеп менен алганда 110-140 миң доллар болору айтылууда. Баа маселеси тендерде аныкталат. Учурда 150 автобус иштеп жатат, 125и оңдолууда. Бишкек шаарын толук камсыз кылуу үчүн 800гө жакын автобус талап кылынат.