Эксперттер коомчулугу акыркы кездерде тартип сакчыларынын аброю уламдан-улам түшүп бараткандыгына кабатыр артууда. Себебин иликтеп чыгуу үчүн тегерек столго чогулган талдоочулардын пикиринде, бүгүнкү күндө күч органдарынын ичинен эл арасында айтылып жүргөндөй “кызыл шапкечендер” гана эч кандай коргоого алынбаган, социалдык пакетке ээ эмес, эмгек маянасы төмөн, бирок көтөргөн жүгү көп кызматкерлер деп табылды.
Мындан сырткары, башканы мындай кой, ошол эле тармактагы чини, ээлеген кызмат орду жогору тургандар тарабынан катардагы кызматкерди басмырлоого дуушар болору баса белгиленди. Дал ушул жана дагы бир катар себептер милиция кызматкерлеринин коомдогу кадыр-баркын түшүрүп тим болбостон, пенсия курагына аз калганда атайылап жумуштан ботоуп жиберген көрүнүштөр бар деген жыйынтыкка келишти серепчилер. Менин милициям мени коргойбу, эл эмнени каалайт, ички иштер органы эске ала турган жагдайлар кайсылар?
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"