Мигранттардын пенсиясы боюнча ЕАЭБдин келишимине жакында кол коюлат. Социалдык фонддон кабарлагандай, Евразиялык Экономикалык Биримдиктин курамындагы беш мамлекеттин ортосунда пенсия менен камсыздоо келишиминин долбоору иштелип чыгып жатат. Жакын арада ага кол коюлат. Анда аймактык эмес, пропорционалдык принциптин негизинде иш жүргүзүлөрү каралууда.
Тагыраагы мигранттар мекенине кайтып келип, туруктуу жашап калса, социалдык фонд ал жарандын камсыздандыруу топтомдору боюнча Орусияга сурам жөнөтөт. Эгерде мигрант расмий түрдө иштеп, социалдык төлөмдөр анын айлыгынан кармалып жүргөн болсо, Орусиянын социалдык фонду өз мыйзамдарына ылайык эсептеп, пенсияны Кыргызстанга которуп берет, - деп билдирет өлкөнүн социалдык фонду.