Ош шаары күз-кыш айларына толугу менен даяр экендигин Ош шаарынын тургундарын жылуулук менен камсыздаган Оштогу эки ишкананын жетекчилиги биздин каналга билдирди.
Ош шаарынын тургундарын күз-кыш мезгилдеринде жылуулук менен негизинен эки ишкана камсыздайт. Ош Жылуулук электр борбору, Ош муницпалдык жылуулук камсыздоо ишканасы. Көмүр отун керектеген Жылуулук камсыздоо ишканасы жылына 12 миң тонна көмүрдүн корун камсыздашы зарыл.
Көмүр сакталган кампага азыр 4тоннадай көмүр түшүрүлдү. Кабыл алуу январдын биринде жыйынтыкталат. Муну ишканадагы 80 отказандын 63ү керектейт. Калган 17 отказан электр энергиясы менен жылытылат.
Катуу суукта кошумча температура берүү жагы да эске алынган. Көмүр менен иштеген Турандагы откана өткөн жылы газ менен жылытылуучу кошумча меш курган.
Бул отканалар жылуулук берүү маалына толугу менен даяр экенинн ишкана жетекчилиги билдирет. Ишкана шаардагы 267 көп кабаттуу турак үйдү тейлет. Абоненттердин саны 14 миң. Мунун 1миң 200ү быйыл жаңыдан катталгандар.
Экинчи ишкана - Ош Жылуулук электр борбору. Калаанын 50 пайызын жылуулук менен камсыздаган мекеменин карамагында 315 турак үй бар. Борбор, кышка карата 10 млн. 200 миң куб газ сатып алуу боюнча келишим түзүп койгон. Бир жылдык керектелүүчү 16 миң тонна мазуттун 2 миң700 тоннасы сатылып алынды. Мекеменин шаар боюнча 54 чакырымдагы жылуулук кууру бар. Борбор жетекчилигинин маалыматына караганда, 1966-жылы экспулатцияга берилген жылуулук куурунун 50 пайызын алмаштыруу муктаждыгы бар.
Жалпысынан Ош шаарында көп кабаттуу 630дан ашуун турак үй бар. Дагы өз алдынча жылытылган 32 жарым миңдей жер үй бар. Алар үчүн калаада 15тей көмүр саткан жайлар иштейт. Азыр көмүрдүн килосу 5 сом 50 тыйындан сатылууда.
Көмүр Алайдын Сары-Ташынан же, Оштун борборунан 250 чакырым алыстыктан ташылып келинет. Болжолдуу маалыматтарга караганда, Ош кышкы сезондо 21 миң тоннадай көмүр керектейт. Ал эми калаада 500 миңдей калк жашайт.