Жаңылыктар
Ордо калааны көрккө келтирүү багытында жүрүп жаткан иш-аракеттер
Кыргызстан жаңылыктары
Ордо калааны көрккө келтирүү багытында жүрүп жаткан иш-аракеттер

Айрым аймактар санитардык абалга жооп бербейт, курулуш талаптары аткарылган жок, дагы башка ушул сыяктуу сын-пикирлер айтылып жатканы менен, ордо калаада ошол эле учурда мактоого арзый турган иштер да бар. Мындай учурга шаардык мэрия менен катарлаш эле, калаа тургандары да олуттуу салым кошуп жатат.

Арча-Бешик конушуна караштуу Күйүкова көчөсүндөгү жол оңдолуп, учурда жөө адамдар өтүүчү тротуарлар курулуп жатат. Бирок жол жээгиндеги жерлерге кезегинде кызыл китептер берилип, жеке менчик үйлөргө тиешелүү болуп калган бөлүктөр да бар.

Шаардык жер башкармалыгынын адистери жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринен соң, өз менчигин шаардын карамагына өткөрүп бергендер арбын. Анын үстүнө, ыраазычылык катары тосмолорду жылдырып, кайрадан жаңы салууга жардам берилип жатат. Мунун баардыгы албетте шаар көркүн оңдоого багытталат. Ошондо ордо калаадагы баш аягы 600 дөн ашык аялдаманын жарымы учурда ижарага берилип, отургучтары оңдолуп, жаңыртылып баштады. 

Бишкек мэриясы эми атайын долбоордун алкагында ордо калаадагы бош, колдонулбай жаткан жерлердин баарын акырындык менен шаардыктардын эс алуу жайына айлантууну көздөп жатат. Болжолдуу маалыматтар боюнча мындай аймактар азырынча 500 го чукул.