Түркия кыргызстандык мигранттардын пенсиялык салымдарын өз мекенине которо турган болууда. Тактап айтканда, документке ылайык, өлкөлөр мигранттардын эмгек стажын таанып, ким аталган аймакта расмий түрдө иштеген болсо аларга пенсиялык салымдар төлөнүп берилет. Мындай маалыматтар 2-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитеттин отурумунда айтылды.
Эске сала кетсек, ушул жылдын апрель айында Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында алты документке кол коюлуп, ал документтердин арасында пенсия боюнча келишим дагы бар болгон.
Маалыматтарга караганда, түрк мамлекетинде орточо пенсиянын көлөмү 350 долларды түзсө, өлкөдө бул көрсөткүч 81 доллардын тегерегинде.
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"