Жаңылыктар
Өлкө аймактарында электрондук түрдө патент берүү башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймактарында электрондук түрдө патент берүү башталды

Мамлекеттик салык кызматы 1-октябрдан тартып республиканын бардык аймактарында электрондук түрдө патент берүүнү баштады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, жарандар salyk.kg сайтына кирип, патент алса болот. 

Онлайн кызмат көрсөтүү 1-июлдан баштап Бишкек жана Ош шаарларында гана жүргүзүлдү. Салык төлөөчүлөр патенттерди өз тандоосу менен кааласа мурдагыдай кагаз түрүндө же электрондук форматта алса болот. Кагаз түрүндө алчулар ID паспорттун 2017-жылдагы үлгүсү менен ала алат.