Кылмыштарды эсепке алуунун электрондук китеби ишке киришти. Анын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү маселеси колдоого алынууда. Бул жаңы ыкманын ченемдик-укуктук базасын бекитүү аракети көрүлүүдө.
Учурда Бишкек шаарынын укук коргоо органдарынын базасында кылмыштарды эсепке алуунун электрондук китебинин программалык камсыздоосу тажрыйбадан өткөрүлүүдө.
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Кадыр Калилов, "Биринчи радио"