Жаңылыктар
Эки жүздөн ашык илимий эмгектин автору Мамбет Мамакеев
Кыргызстан жаңылыктары
Эки жүздөн ашык илимий эмгектин автору Мамбет Мамакеев

Белгилүү хирург жана КРдин Баатыры Мамбет Мамакеев 1-октябрда 91 жашка толот. Жаштайынан кедейчиликтин азабын тартып кыйынчылыкта чоңойгон Мамбет Мамакеевдин балалыгы Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында өткөн. Согуш учурундагы ачкачылыкта көргөн азап-тозогун, кордугун эч унутпайт. Ал үчүн өзгөчө энесинин жасаган камкордугу, мээримдүүлүгү, боорукерлиги, чыдамкайлыгы али күнчө эсинен кетпейт. Кайтыш болгонуна 35 жыл болсо да апасынын элеси ар дайым көз алдында тартылып турат.

Энесин өтө жакшы көргөндүктөн анын сүрөтүн иш бөлмөсүнө илип алган. Өзү жок болсо да, сүрөтүн карап сагынычын, кусалыгын таркатып жакшы иштөө үчүн күч- кубат алат.

Эр ортону элүү эмес, 80 жаш деп, замандаштарын эрте картайбай тың, чыйрак, эмгекчил жана сергек болууга чакырып келет. Өзү эртең менен таңкы 5те туруп, көнүгүүлөрдү тынбай жасап кубат алат. Жумушунан да машыгып алууга жетишет.

Алтын колдуу ак жолтой хирург күнүнө 3төн, кээ бир учурларда 10 жолудан операция жасоого үлгүрөт. Ар бир бейтап толук сакайып кетмейинче тынчсыздана берерин айтат. Хирург үчүн эң башкысы көз анан кол. Азырынча көрүүм дагы колум дагы эбинен тая элек дейт хирург.

Мамакеев 200дөн ашык илимий эмгектин автору. Илимдин 15 докторун, 26 кандидатын тарбиялаган. Hегизги илимий эмгектери өт ооруларын дарылоо, өттөгү ташты хирургиялык жол менен алуу, ошондой эле бейтаптарга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган.Анын жолун жолдогон эки уулу бар. Экинчи уулу Канат Мамакеев үч жылдан бери атасынын ордунда жетекчилик кызматты аркалоодо.

Көптөгөн мамлекеттик сыйлык жана наамдардын ээси Мамбет Мамакеев эмгек жолун улантып жаткан дүйнөдөгү эң кары хирургдардын бири болуп саналат. Көздүн курчу кайтып, алдан тайыганча мекендештеримдин саламатта болушу үчүн күрөшүп, тикемден тик туруп кызмат кылам деп бекем турат. Өзүндөй даңктуу инсан болуш үчүн ичкилик менен чылымга жакындабай, алдыга койгон максатты туура багыттап, ага жетүү үчүн эрктүү жана эмгекчил болууга чакырат.