Жаңылыктар
Жалал-Абадда бир катар ири социалдык объектилердин курулушу бүткөрүлгөнү турат
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда бир катар ири социалдык объектилердин курулушу бүткөрүлгөнү турат

Жыл аягына чейин Жалал-Абад шаарында бир катар ири социалдык объектилердин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилгени турат. Азыркы тапта ыкчам медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн курулушу аягына чыгып калды. Ал арада шаар тургундарын көптөн бери күттүргөн жер астындагы өтмөктүн ачылышы болду.


Бул күнү Жалал-Абад шаарынын айдоочулары менен жөө жүргүнчүлөрүн кубантан курулуштун ачылышы болду. Нагима Айтматова менен Ленин көчөсүнүн кесилишине курулуп башталган жер астындагы өтмөк пайдаланууга берилди. Шаар үчүн биринчи жолу салынган өтмөктүн узуну 30, туурасы 6 метрди түзөт. Куруштун каржылоосу шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, 13 миллион сом жумшалган.

Өтмөк курулганга чейин бул жерде унаа тыгыны да көп болуп келген. Себеби, жөө жүргүнчүлөр ары-бери көп каттаган борбордук жол болгондуктан бир топ эле ыңгайсыздык жаралып турчу. Эң башкысы жөө жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жаратып турган көйгөй чечилди.

Ал эми быйылкы жылдын аягына чейин пайдаланууга бериле турган дагы бир обьектилердин бири, Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык мекемесине салынып жаткан жаңы корпус. Имарат курулушу жакынкы күндөрү толук бүткөрүлөт. Курулушка республикалык бюджеттен 86 миллион сом калган. Азыркы учурда мекемеде 97 бала бар.