Жаңылыктар
Кышка камылга кандай?
Кыргызстан жаңылыктары
Кышка камылга кандай?

“Кыргыз жылуулук энерго” мамлекеттик ишканасы кыштан чыгууга толугу менен даяр. Быйыл ишкана кышка карата камылгаларды эртелеп көргөн жана жылуулук үзгүлтүксүз берилет. Бул тууралуу ишкананын жетекчисинин орун басары Айбек Журунов билдирет. 

Айбек Журуновдун айтымында, ишкананын өлкө боюнча 131 отканасы бар. Алардын көбүндө оңдоо жумуштары өткөрүлдү. Себеби, отканалардын көбүнүн эскилиги жеткен. Мамлекеттен бөлүнгөн жана ички булактардын эсебинен жыл сайын жабдууларды жаңыртуу жумуштары жүргүзүлүп келет. Ошол эле учурда 2023-жылга чейин кабыл алынган пландын негизинде, электр энергиясы жана көгүлтүр от менен иштеген айрым отканаларды мазутка жана көмүргө өткөрүү белгиленген.

“Отун менен камсыздоо жумуштарынын негизинде көмүр 50дөн ашык отканаларга жеткирди. Дагы да жеткирүү иштери жүрүп жатат. Газпром менен келишим түздүк, алар да тийиштүү сапаттагы газ жеткирүүнү алышты. Кышында абоненттерди өчүрбөгөнгө аракет кылабыз",- деп билдирди «Кыргыз жылуулук энерго” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Айбек Журунов.