Аймактагы ишкерлер ишти илгерилетээри Таласта өткөн жыйында айтылды. Бул жыйынга өрөөндүн тигүү жана өндүрүү, сүт азыктарын кайра иштетүү багытында эмгектенген ишкерлер жана жергиликтүү бийлик катышты. Анда ишкерлик үчүн жагымдуу жагдай түзүүнүн жолдору каралды. Ошондой эле, ишкерлер күнүнүн урматына аймактын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн 10 ишкерге "Ардак грамота" тапшырылды. Жергиликтүү өкмөт менен ишкерлер ортосундагы жыйынды Жаш ишкерлер ассоциациясы уюштурган. Маалыматка караганда өрөөндө миңден ашуун ишкер бар.
"Ички инвестицияны тура пайдалансак эле аймактар өнүгөт, анын жаңылыгы деле жок. Акчаны короту эмес, аны туура пайдаланууну билиш керек",- дейт жеке ишкер Чынара Тынысова.