Кийинки жылдын август айынан баштап Евразиялык экономикалык биримдиктин талабына жооп бербеген, абаны булгоочу күйүүчү май өлкөгө киргизилбейт. Парламентте “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” жана “Экологиялык экспертиза жөнүндө” мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр талкууланды. Көпчүлүк эл өкүлдөрү соңку кездерде айрыкча калк жыш жашаган аймактарда абанын булгануусу күч алгандыгын, мындан улам шаардыктардын дем алуу органдары жабыркап жатканын айтып чыгышты.
Экологдордун маалыматында, акыркы мезгилдерде транспорттун саны көбөйгөнү менен атмосфераны бузган заттар азайганы байкалууда. Буга жылуулук борборду модернизациялоо себеп болгон. Шаардагы от казандарынын санын дагы көбөйтүү менен абалдын чыгууга болот. Депутаттарбак дарактардын санын көбөйтүү менен дагы орун алган маселени азайтууга болорун сунуштап, аталган мыйзам долбоорлору үчүнчү окууга жиберилди.
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"