Кышка карата даярдык алдын-ала көрүлүп, элди жылуулук жана көмүр менен камсыздоодо эч кандай маселе жаралбашы керек. Мындай пикирин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүк жыйында билдирди. Суук түшөрүнө бир айдай калды. Мекемелер кыш камылгасын көрүп жатканы менен мүчүлүштүктөр да жок эмес.
Өкмөт мүчөлөрү өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасынын кышка камылгалар боюнча маалыматына ичи чыкпагандыктан, толук курамда колдогон жок. Премьер-министр болгону кышка карата көмүрдү даярдоо боюнча жумуштардын ырааттуу жүрүп жатканына гана ынанды. Ошондо да баардык аймактарда отун бирдей камдалган жок. Абылгазиев кыш эрте түшкөн Нарында таш көмүр менен камсыздоо 60 пайызга гана аткарылганын билдирди. Мындан улам Премьер-министр облустун мекемелери менен тургундарын керектүү көлөмдө көмүр менен камсыздоону тездетүү тапшырмасын койду.