Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери дипломаттык паспортторду жеке кызыкчылыктары үчүн колдонгонун аныктады.
Башкы көзөмөл органы министрликке пландык текшерүү жүргүзгөндө "Ички миграция" мыйзамы, Дипломатиялык жана кызматтык паспорт жобосу боюнча бир нече мыйзам бузуулар аныкталганы айтылат.
Башкы прокуратура тарабынан Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин учурдагы жана иштен бошотулган кызматкерлерине, адамдык ресурстар боюнча башкармалыктын бөлүм башчысына административдик укук бузуу боюнча өндүрүштүк иш козголду. Тийиштүү материалдар Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү.
Текшерүүнүн алкагында министрликтин жетекчилери дипломатиялык паспортторду өзүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонуп жүргөнү белгиленди. Учурда бул боюнча териштирүүлөр уланып жатат. Анын жыйынтыгына жараша министрликтин кызматкерлерине юридикалык баа берилет.