Жаңылыктар
Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт

Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык 25-26-27-сентябрь күндөрү түнкүсүн Талас Нарын Чүй облустарынынтоо этектеринде жаан карга айланып абанын температурасы 0...-2 градуска чейинтөмөндөйт. 

Адистер аба ырайынын кескин төмөндөшү жыйнала элек жашылча жемиштерге казыла элек жана ачык жаткан картошка жана кант кызылчасына терс таасирин тийгизет. Ошондой эле жайыттагы мал ээлерине да түйшүк жаратаарын эскертишүүдө. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Айсулуу Гайбулла кызы, "Биринчи радио"