Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу боюнча жаңы эрежелер киргизилди. Мындан ары жарандар автомектепти аяктагандан кийин белгилүү мөөнөттүн ичинде экзамен тапшырууга жетишип, окугандыгы тууралуу берилген күбөлүктүн мөөнөтү алты айды түзөт. Эми ушул убакыттын аралыгында тийиштүү органдарга барып экзамен тапшырып, айдоочулук күбөлүккө ээ болушат.
Алты айдан ашуун убакыт өтүп кетсе, кайрадан автомектепте окууга туура келет. Ошону менен катар ар бир адамдын жүзү графикалык сүрөт менен идентификациядан өтөрү токтомдо көрсөтүлгөн. Коомчулукта айдоочулук күбөлүк көйгөйү катуу сынга алынып келет. Анткени жол кырсыктарынын көпчүлүгү айдоочулук күбөлүктү сатып алган билимсиз айдоочулардын айынан болот дешет адистер. Бул документ айдоочуларга эмнелерди милдеттендирет? Жол кырсыктарынын азайышына кандай таасирин берет?
Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"