Жаңылыктар
Кыргызстанда жетим балдар үйлөрүнүн иш алып баруу системасы өзгөрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда жетим балдар үйлөрүнүн иш алып баруу системасы өзгөрүүдө

Кыргызстанда жетим балдар үйлөрүнүн иш алып баруу системасы өзгөрүүдө. 20 жыл ичинде  Кыргызстанда 140 тан ашык жетим балдар үйү көбөйүп кеткенин адистер белгилешет.  

Үстүбүздөгү жылдан тарта  социалдык жана эмгек министирлигинин деңгээлинде Бишкек жана Ош шаарларында  убактылуу балдарды кароочу атайын  2 мектеп  ачылаарын Балдардын укугун  коргоо лигасынан билдиришти. Мыйзамга ылайык, балдар үйлөрүндө ата-энесинен ажыраган балдар гана каралышы керек. 

Президенттин алдында атайын эксперттик топ түзүлүп аталган маселени чечүү иштери башталды. Учурда балдар үйүндөгү 12 миң баланын 4 пайызы гана ата-энесинен ажырагандар.  

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Алина Абасова, "Биринчи радио"