Жаңылыктар
Мамлекеттик тилге маани берели
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик тилге маани берели

Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алып, андан сон кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Мамлкеттик тилдин 29-жылдыгына байланыштуу акыркы бир жумадан бери жалпы өлкө аймагында мектептерде, бала бакчаларда жогорку окуу жайларда түрдүү иш-чаралар өткөрүлүүдө.



Бирок мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө мындай иш-чаралар эле жетиштүү эмес экенине иш жүзүндө күбө болдук. Жогорку трибуна парламенттен тартып сүйлөгөн сөзүбүз расмий тил, ал эми мамлекеттик маанидеги документтерден тартып көчөдөгү көрнөк жарнактар чейин ката жазылып, кыргыз тилдин кадыры кетти.



Азыр дүйнө жүзүндө 2 миңге жакын тилдер болсо, анын 400ү жоголуп кетүү коркунучунда экени белгилүү. Илимпоздор 21-кылымдын ортосуна чейин дүйнө жүзундө эсптелген тилдердин теңинен көбү жок болот деп божомолдошууда.