Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна Кубанычбек Кулматовдун атына берилген ID жана жалпы жарандык паспортунун мыйзамдуулугун жокко чыгарууну өтүнүп, арыз менен кайрылды. Буга УКМК тарабынан мурдагы мэрге Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алгандыгы жөнүндө кылмыш ишинин ачылышы негиз болгон. Каттоо кызматы козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын комиссия түзүлүп, Кулматов 1995-жылы Россиянын жараны болуп туруп мыйзамсыз түрдө Кыргызстандын паспортун алганын аныктады,- деп билдирди.
Коопсуздук кызматы Кубанычбек Кулматовдун үстүнөн июнь айынын ортосунда "Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу" жана "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелеринин негизинде экинчи кылмыш ишин ачкан. УКМКнын маалыматына ылайык, Кулматов 1995-жылы СССР убагында алган паспортун жоготуп койгонун айтып, Орусиянын паспортун жана жарандыгын алган, кийин 2008-жылы 45 жашка чыкканы ал паспортун жаңылап, ошол эле учурда Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп турган. Орус жарандыгын алган Кулматов бир жыл өтпөй мыйзамсыз жол аркылуу кыргыз паспортун алганы ачыкка чыгып отурат.
Мыйзам боюнча башка өлкөнүн жарандары кыргыз жарандыгын алууну кааласа президентке жеке арыз менен кайрылышы керек. Бирок Кулматовдон андай арыз түшкөн эмес.
Мамлекеттик каттоо кызматы мыйзам чегинде Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу тууралуу сотко кайрылган. Бул жерде сөз жарандык эмес паспорт жөнүндө болууда.
Эскерте кетсек, Кулматовго биринчи кылмыш иши коррупция фактысы боюнча козголгон. Тергөөнүн маалыматына ылайык, мурунку мэр Бишкек шаарын башкарып турганда Кытайдын TBEA компаниясы "Калыс-Ордо" конушундагы мектептин курулушуна берген 2 миллион доллар гранттык акчаны мыйзамсыз жумшаган деп айыпталууда. Экинчиси кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган деп шектелип жатат. Эми Кулматовдун паспорту жокко чыгабы же жокпу ага сот органдары чекит коёт.