Жакын арада Орусиянын “Вега” Радиоуктуруу концерни” компаниясы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу жумуштарын баштайт. Андыктан Премьер-министр “Коопсуз шаар” боюнча өткөрүлгөн ачык аукциондун жыйынтыгына байланыштуу жумуш кеңешмесин өткөрдү. 4-сентябрда үч компаниянын ичинен “Вега” Радиоуктуруу концерни” ачык аукциондун жеңүүчүсү болгон. Өкмөт башчы “Коопсуз шаарды” жүзөгө ашырууда зарыл болгон жол-жоболорду, укуктук-ченемдик документтерди кабыл алууну, ириде видеокөзөмөлдөө камералар орнотулуучу көчөлөрдүн кесилиштерин жана унаа жолдор тилкесин көрсөтүү менен тийиштүү келишимди даярдоону тапшырды.
“Коопсуз шаар” долбоору боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, бери дегенде үч жолу тендер жарыяланганы менен долбоор бир канча жылдан бери жүзөгө ашпай келген. Эми адегенде Бишкекте кийин бүтүн өлкөдө коопсуздукту камсыздоону камсыз кыла турган “Коопсуз шаар” долбоорун орусиянын “Вега” Радиоуктуруу концерни” компаниясы ишке ашырмай болууда.
Сынактын шарты боюнча жеңүүчү деп табылган компания зарыл болгон техниканы алып келүү жана ал жабдууларды орнотуу жумуштарын толук камсыздайт. Ага чейин сунуш кылынган сумманын он пайызын кепилдик төгүм катары которушу керек. “Вега” Радиоуктуруу концерни” долбоорду жүзөгө ашырууга 2 млрд 320 миллион сом сунуштаган.
Долбоорду жүзөгө ашырууда тийиштүү мамлекеттик мекемелердин милдеттери зор. Учурда мамлекеттик органдар жолдо жүрүү эрежелерин бузууну аныктоо, ал боюнча айып пул төгө турган кагаздарды даректерге жөнөтүү кандайча жүрөөрү тууралуу жол-жоболорду иштеп чыккан. Жарым жыл мурда Бишкектин төрт көчөсүнүн кесилишине видео байкоо камералары орнотулган. Жарым жылда анын жардамы менен 5 миллиондой жол эрежесин бузгандар катталган. Азыркы маалда бул программалык камсыздоонун экинчи баскычын иштеп чыгуунун үстүндө иш жүрүүдө.
“Коопсуз шаар” долбоорун натыйжалуу ишке ашыруу - Өкмөттүн башкы артыкчылыктарынын бири экенен белгилеген Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бардык зарыл болгон жол-жоболорду кыска мөөнөттө аяктоону жана долбоорду ишке киргизүүгө зарыл укук ченемдик документтерди кабыл алууну тездетүүнү тапшырды. Жарандар үчүн маанилүү жана керектүү долбоорду ишке ашырууда жүргүзүлүп жаткан иштин бардык баскычтарын так аткаруу жана жарандарда күмөн суроолор жаралбагандай ачык иш алып баруугу басым жасоо зарыл-деди Өкмөт башчы.
Тийиштүү документтерди, жол-жоболорду жөнгө салуу менен бирге Премьер-министр биринчи кезекте видеокөзөмөлдөө камералары орнотулчу кесилиштерди жана унаа жолдор тилкесин көрсөтүү менен тийиштүү келишимди даярдоону тапшырды. Ошону менен бирге унаа сүйүүчүлөрдү жолдордо киргизилип жаткан коопсуздукту камсыздоо тутумунун иштөө тартиптери тууралуу өз убагында маалымдоо үчүн тийиштүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.