Жаңылыктар
Ошто таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо качан жолго коюлат?
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо качан жолго коюлат?

Оштогу жер астынан өткөн суу куурларынын 60 пайызы авариялык абалда. Жаан-чачындуу күндөрү Ош шаарынын калкына таза суу эки эселенген хлор кошулмасы менен берилет.


Алдыда күз, кыш айларында ичүүчү таза суу күтүлбөгөн күнү, айрым учурда эскертүүсүз өчүп калышы турган кеп. Муну кадыресе көнүмүш иретинде кабылдаган жергиликтүү калк, күндүн кабагы бүркөлө баштаганда эле минтип, болгон идиш-аягына суу камдаганга көнгөн. Көйгөй Ош -шаар болуп түптөлгөндөн тартып күчүндө. Бир канча ирет чечүүнүн жолдору каражаты менен да табылган.


Шаарда таза суунун сапаты гана эмес аны жеткирген куурлардын абалы да көңүл жылытпайт. Жер үстүнөн да астынын абалы кооптуу. Союздун тушунда пайдаланууга берилген жалпы 540 чакырым суу куурунун дээрлик 60 пайызы жаңысына алмашууга муктаж. Башкармалык шаардагы 300 миңдей абонентине суткасына 110 куб.суу керектейт. Былтыр эле башкармалыкка 7 миң абонент кошулган.