Өлкө экономикасын көтөрүү үчүн эң ириде элетти өнүктүрүү зарыл. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Кемин районунда жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Өлкө башчысы анда президенттин ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттар, аймактарды өнүктүрүү, коррупцияга каршы күрөш маселелери тууралуу айтып берип, ага катар жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берди.
Кемин шаарынын маданият үйү жергиликтүү тургундарга жык толгон. Президент аймактарга болгон иш сапарларын улантып, бул жолу Чүй облусунун Кемин районунда. Башка дубандардай эле аймакта да талкуулап, чечим кабыл алчу көп көйгөйлөр бар. Сөзүнүн башында Сооронбай Жээнбеков Сары Өзөн Чүй, анын ичинен Кемин районунун өзгөчөлүктөрүнө токтолду.
Кемин жергеси касиеттүү жер, бул аймактан кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө баа жеткис салымын кошкон улуу тарыхый адамдар чыкканын белгиледи. Аймакта айыл чарбасын эле эмес, бүтүндөй өндүрүштү өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар бар экенин кошумчалады.