Бишкек шаарынын жол түйүндөрүн өнүктүрүү концепциясында белгиленген жумуштардын 90 пайызы аткарылып бүттү. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирет.
Борбордун бир канча жолдору калыбына келтирилип жана оңдолууда, жаңы конуштардын ичиндеги жана аларды бириктирген чоң жолдор салынып жатат.
Бүгүн Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаардагы оңдолуп жаткан жолдорду көрүп, жүрүп жаткан жумуштар менен жеринде таанышты.