Жаңылыктар
Бүгүн бүткүл дүйнөлүк сууга мониторинг жүргүзүү күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн бүткүл дүйнөлүк сууга мониторинг жүргүзүү күнү

Бүгүн бүткүл дүйнөлүк сууга мониторинг жүргүзүү күнү. Ал 2003-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча белгиленип келет. Суу корун булгануудан коргоо максатында кандай коопсуздук чаралары жасалат, кийинки материалда.

Ичүүчү суунун курамында жетиштүү өлчөмдө минерал заттар болот. Алар организмдин физиологиялык жактан иштөөсүндө чоң роль ойнойт. Мына ушул тирүү организмдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган суунун сапатсыздыгынан жана жетишсиздигинен дүйнө жүзү боюнча 500 миллиондон ашык адам жабыркап келет.

Адистердин берген маалыматына караганда, Бишкек шаарында жалпысынан 41 таза сууну сактап, бөлүштүрүүчү жай бар. Ал жерлердеги суунун сапаты ар апта сайын текшерилип, көзөмөлдө турат.

Учурда дүйнөлүк көйгөйгө айланган таза суунун таңсыктыгын жоюу үчүн окумуштуулар түрдүү аракеттерди көрүшүүдө. Анын бир мисалы -суу коруна мониторинг жүргүзүү болуп саналат.