Жыл өткөн сайын эмгек кулчулугуна кабылган кыргызстандыктар азайып барат. Деген менен таптакыр токтоп калды деп айтууга эртелик кылат дешет адистер. Айрыкча Казакстан менен Россияда көп кездешкен, тагырагы, эмгек акысын ала албай,документтери да жок калган учурлар текшерүүгө алынганда, андай абалга кабылышына жарандын өзү шыкакчы болгону аныкталууда.
Өз укугун билбестик, ишенчээктик жана билимдин жоктугу анын башкы себеби. Деген маалыматтар, бүгүн басма сөз жыйында мамлекеттик миграция кызматынын бир катар жетекчи кызматкерлери тарабынан айтылды. Белгилей кетсек, жакында 20 жылдан бери Казакстанда тамеки талаасында кулчулукта жүргөн кыргызстандык бошотулган.
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"