Жаңылыктар
Бишкекте ТүркПАнын тармактык комиссияларынын жыйыны өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте ТүркПАнын тармактык комиссияларынын жыйыны өттү

Генетикалык-модификацияланган организмдердин таралышы жана алардын тийгизген таасири кандай? Бул тууралуу түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын IV жыйынында сөз болду.

Азык-түлүктөрдү ГМОнун жардамы менен өндүрүү 20-кылымдын 50-жылдары өркүндөп баштаган. Гендик инженериянын жардамы менен окумуштуулар өсүмдүктөрдүн мыкты сортторун чыгара алышкан. Учурда ГМОнун миңдеген түрлөрү бар. Алардын 100 түрүн гана өнөр жайда өндүрүүгө уруксат берилген. ГМОнун жардамы менен көбүнчө жашылча-жемиштер, дан өсүмдүктөрү өстүрүлөт.

ГМО пайдалуубу же зыяндуубу? Бул маселе калк арасында да, окумуштуулар чөйрөсүндө да талашты жаратып келет. Бир тарап ден соолукка зыяндуу десе, экинчи тарап гендик инженериянын өнүгүшүн колдошот. Бул маселеге Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү да токтолду.

ТүркПАга мүчө мамлекеттерде ГМО кошулмалары кошулган азыктарга тыюу сала турган мыйзамдар кабыл алынган. Парламент мүчөсү Абылкайыр Узакбаевдин айтымында, Кыргызстанда бул мыйзам долбооруна толуктоолорду киргизүү кажет.

Жыйындын жыйынтыгында курамында ГМО кошулмалары бар азыктардын таралуусун жөнгө салуу тууралуу бирдиктүү документке кол коюлду.