Кыргызстандын акыйкатчысынын кызмат ордуна талапкерлер көрсөтүлүп жатат. Буга чейин Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы, Омбудсмен институту өз талапкерлерин көрсөтүшкөн. Ал арада Борбор Азиядагы Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку комиссарынын адам укуктары боюнча регионалдык бөлүмү Парламенттик фракцияларды Омбудсменди шайлоодо талапкерлердин квалификациясын жана адам укуктары жаатындагы тажрыйбасын камсыз кылууга чакырык жасады.
Айрым маалыматтарга караганда, бул аптада тармактык комитет өлкөнүн укук коргоочусуна талапкерлер каралат. Акыйкатчыны тандоодо БУУнун чакырыгы аткарылабы?
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Гүлбүбү Үсөнова, "Биринчи радио"