Жаңылыктар
Унааларды өз ээсине каттоо милдет
Кыргызстан жаңылыктары

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргизилген соң унааны башкарууга тиешелүү документтерди текшерүү башталат. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, унаа өз ээсине катталганбы же ишеним каттын негизинде унааны айдап жүргөндөрү аныкталат. Анткени жол эрежеси бузулган учурда айып кагазы “өз дарегине” жиберилиши керек. 


Транспорт каражаттарын каттоо департаментинин имаратында киши аягы үзүлбөйт. Дээрлик күн сайын ушундай көрүнүш. Бүгүн да жүздөгөн адамдар унааларын каттоодон өткөрүп жатышат. Көбү ар кандай алдамчылыктардан алыс болууну каалашат, дегеле кошумча баш оорулардан алыс болосуң дешет.

Департаменттин өкүлдөрү белгилегендей, унаасун каттоого келген жарандардын саны акыркы айларда кескин көбөйгөн. Азыр ишеним кат менен жүрүү да кооптуу. Көп учурда айдоочулар анын баасынын арзандыгына карап, каттоодон өткөрбөй жүрө беришет. Мындай тажрыйба акырындап азаюуда.

Унааларды өз ээлерине каттоо чакырыгын юстиция министрлиги да жасоодо. Анткени жакында “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирсе, айып кагаздарын жол эрежесин бузган адамдын өзүнө жөнөтүү керек. Андыктан бул жерде машинасын сатып жаткан адам өзү да аны каттатууга кызыкдар болушу керек.

Ал эми унааны каттоонун жол жобосу азыр бир кыйла жеңилдеген. Сатуучу жана сатып алуучунун күбөлөндүрүүчү документтери, унаанын техникалык паспорту керек болот. Буга кошумча машина бир сыйра кароодон өткөрүлөт. Каттоонун баасы да арзандаган.