Жаңы окуу жылынын башталышы менен балдарга эттүү тамак берген туура. Жайкы каникул аяктап, жаңы окуу жылынын башталганы окуучулар, айрыкча кенже класстагы жеткинчектер үчүн өзгөчө учур. Бул маалда баланын күн тартиби толугу менен өзгөрөт.
"Бала эрте туруп, көп окуп, жаңы достор же мугалимдер менен мамиле түзө баштайт. Бул учурда жаш организм стресске кабылышы мүмкүн. Андыктан организмге амин кычкылдыктары зарыл. Аларды мал этинен алса болот". Бул тууралуу балдардын ден соолугуна кам көргөн дарыгерлер белгилешүүдө. Адистер эскертип кеткендей, амин кычкылдыктары тоок этинде болбойт. Ошондой эле кайра иштетилген этте, мисалы колбасада жок. Балага керектүү заттарды көбүнесе уйдун же койдун этинин сорпосунан алса болот.