Жаңылыктар
«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруучу компания аныкталбай калды
Кыргызстан жаңылыктары
«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруучу компания аныкталбай калды

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу үчүн компанияларды аныктоо боюнча аукцион өттү, бирок жыйынтыгы чыкпай калды. Көптөн күткөн аукциондун жүрүшү эмне үчүн мындай мүчүлүштүктөргө учурады?


Канча жылдан бери башталат деп, бирок ар кандай себептерден улам, ишке ашпай келген «Коопсуз шаар» долбоору боюнча аукцион 23-августка белгиленген. Соодалашуу 36 мүнөткө созулду, бирок жанатан он-лайн тартибинде өтүп жаткан иш чаранын жыйынтыгында мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталы жеңүүчүнү көрсөтө албай калды.


Аукционго мурдатан 3 арыз келип түшүп, экөө жергиликтүү, бирөө Орусиялык компаниялар «Мега-Лайн» ЖЧК, «Вега» жана «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомдору катышты. Ошентип бул жолу дагы көпчүлүк күтүп жаткан жыйынтык аягына чыкпай калды.


Кыргыз өкмөтүнүн коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылууну көздөгөн "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу аракети бир нече жылдан бери айтылып, бирок башталбай келет. Ал арада 3 жолу сынак өткөрүлүп, Кытайдын жана Орусиянын компаниялары утканы айтылган, бирок андан ары эч кандай кадамдар жасалбай, иштин аягы соттошууга чейин жеткен эле.