Жаңылыктар
Акысыз текшерген “Дени сак эл” ассоциациясы алгылыктуу иштөөдө
Ден соолук
Акысыз текшерген “Дени сак эл” ассоциациясы алгылыктуу иштөөдө

Ошто элдин ден-соолугун акысыз текшерген “Дени сак эл” ассоциациясы түзүлгөн. Алар эч жактан каржыланбайт. Долбоор да жазышкан эмес. Жөн гана ар тармактардагы адис дарыгерлер ыктыярчылык менен гана алектенип, элдин ден-соолугун акысыз текшерип, кеп-кеңештерди берип келишет. Буга чейин алар каражат топтоп, колу жука, оорукчан адамдардын операциясын көтөрүп берип да келишкен. Алгач алар акысыз иштей башташканда көпчүлүк ишенген эмес. Бара-бара алардын иши көрүнүп,  эл оозуна алына баштады. 

Айта кетчү жагдай, бул ассоциацияга мүчө дарыгерлер  жумушуна тоскоол болбой, дем алыш күндөрү, өздөрүнүн каражаттарына облустун алыскы аймактарына чейин барып иштеп келишет. 

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"